Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жөнгө салуу, ыраазы кылуу, жоошутуу, жайгаруу. Мырзагүл оорулуунун ал-жайын сурап, көңүлүн жайкайт (Кыргызстан аялдары). Акылы менен жайкаган, Алты айлык азапты, Көз ачымда байкаган («Манас»). 2. Акырын кыймылдатуу, теңселтүү, ыргоо. Буркурап согуп күзгү жел, Буудайдын башын жайкаган (Алыбаев).